Арактын организмге тийгизген жакшы таасири аныкталды

Окумуштуулар 6 миңден ашык улгайган адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды анализдеп чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жүрөк кан тамырлары оорулары менен жабыркагандар аракты ыгы менен ичсе, эч ичпегендерге же аракечтерге караганда орто эсеп менен бир жыл узак жашайт. Мындай жыйынтыкка Вашингтон университетинин окумуштуулары келгенин JAMA Network Open журналы жазды.

Окумуштуулар 6 миңден ашык улгайган адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды анализдеп чыгышкан. Иликтөө 24 жыл бою жүргүзүлгөн.

Арактын узак жашоого тийгизген таасирин аныктоо үчүн ыктыярчылар үч топко бөлүнгөн: арак ичпегендер, чени менен ичкендер жана ичип кеткендер.

Бөйрөктү талкалайт! Газдалган таттуу суусундуктардын зыяндуу жагы айтылды
Изилдөө учурунда бейтапка жүрөк кан тамырлары оорусу менен ооруйт деген диагноз коюлгандан кийин биринчи жана үчүнчү топтогулар орто эсеп менен 2600-2700 күн жашаган. Ал эми спирт ичимдиктерин ыгы менен ичкендер 3100 күн жашаган, башкача айтканда, 1 – 1,5 жылга көп.

Окумуштуулар азырынча спирт ичимдиктеринин мындай таасири толук изилденип бүтө электигин айтышууда. Ошол эле учурда вино жана сыра кан тамырларды кеңейтип, кан басымды төмөндөтөөрү белгилүү болгон.