ЖМК: Америкада НЛО видеого түшүп калды

Күбө объект үч бурчтук формасында экенин, андан чыккан жарыктан улам жакшылап кароого мүмкүн болбогонун айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Огайо штатындагы аскердик базанын аймагында күбө үч бурчтуу НЛОну видеого тартып алды. Бул тууралуу Express жазды.

Америкалык уфологдордун бири социалдык тармакка таң калычтуу объектинин видеосун жарыялап, НЛО кеминде үч ирет айланып учканын жазган. Мындан сырткары, күбө ал үч бурчтук формасында экенин, андан чыккан жарыктан улам жакшылап кароого мүмкүн болбогонун айткан.

Ошондой эле басылма акыркы учурда НЛОго байланыштуу көрүнүштөр Огайо штатында көп байкалып жаткандыгын кошумчалайт.