Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда КамАЗ оодарылып кетти. Сүрөт

Окуя 30-декабрь күнү саат 9.20лар чамасында Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда КамАЗ оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирип, жол кырсыгынын сүрөтүн WhatsApp каналга жиберди.

Окуя 30-декабрь күнү саат 9.20лар чамасында Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо болгон. Картошка жүктөп, чыгышты көздөй бараткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай кырсыктаган.

Аталган фактыны Чүй облустук ЖКККББсы тастыктап, жеринде инспекторлор иштеп жаткандыгын айтышты.