Нунис Шевченконун досу Сайборгду нокаутка кетирип, чемпион болду. Видео

Бразилиялык мушкер Аманда Нунис UFC уюмунун тарыхында кыздар арасында биринчи жолу эки салмак категориясында чемпион болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун мурдагы атаандашы Аманда Нунис UFC уюмунун 65 килограмм салмактагы чемпиону Крис Сайборгду утуп алды. Бул туурасында уюмдун Instagram тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

Мушкерлер бүгүн Калифорнияда өткөн UFC 232 турниринин алкагында күч сынашты. Аманда Нунис мекендеши, 65 килограмм салмактагы легендарлуу чемпион Крис Сайборгду биринчи раундда эле нокаутка кетирди. Буга чейин Нунис 61 килограммда чемпион болсо, эми UFCтин тарыхында эки салмак категориясы боюнча мыкты аталды.

Валентина Шевченко күйөрмандарына төрт тилде жаңы жылдык куттук айтты
​Эске салсак, Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Нуниске эки ирет утулган, ал бул мелдеште курбусу Сайборгго жан тартарын айткан.

Крис Сайборг карьерасында экинчи ирет жеңилүүгө дуушар болду, акыркы ирет 10 жыл мурда утулган. ММАде 20 беттештин жеңүүчүсү.

Ал эми Аманда аралаш мушташта 17 ирет утуп, 4 жолу жеңилген.