Индияда айыл тургундары үч колдуу ымыркайга сыйына башташты

Дарыгерлердин айтымында, баланын көкүрөк тушунда өсүп жаткан үчүнчү колу анын ден соолугуна кедергисин тийгизбейт.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Индиядагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар үч колдуу болуп төрөлгөн эки айлык ымыркайга сыйына баштады. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Индияда 65 жаштагы аял көз жарды
Өзгөчө наристе Биласпур аймагында жарык дүйнөгө 2-ноябрь күнү келген. Дарыгерлердин айтымында, жалпы жонунан баланын ден соолугу жакшы. Кыздын апасы Радхика Саху наристесин толук көзөмөлдөн өткөрүүнү талап кылган. Жыйынтыгында дарыгерлер ымыркайдын көкүрөк тушунда өсүп жаткан үчүнчү колу анын ден соолугуна эч кандай кедергисин тийгизбей турганын айткан.

Наристе айыл тургундарынын арасында оозго алынып, эл аны кудай катары көрүп сыйына баштаган. Чхаттисгарх медициналык илимдер институтунун өкүлдөрү кийин наристе кыйналбаш үчүн операция жасатып ашыкча мүчөсүн алдырып салса болоорун айтышкан.

Басылманын билдирүүсүнө караганда, ашыкча мүчөсү менен төрөлгөн балдар Индияда сыйынуунун бир объектисине айланат. Алсак, 2017-жылы Ямунанагар шаарында "Кудайдын берген белеги" делген эки баштуу бала, 2015-жылы 8 колу-буту менен төрөлгөн ымыркайга да жергиликтүү калк өзгөчө мамиле жасап, табынып турган.