Бишкекте жаңы жылга карата 20 балаты орнотулду. Сүрөт

Улуттук филармониянын алдына 18 метрлик, Опера жана балет театрынын алдына 10 метрлик балаты орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жылга карата борбор калаада 20 балаты орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

1 / 4
Жаңы жылга карата борбор калаада 20 балаты орнотулду
2 / 4
Академиялык опера жана балет театрынын алдына 10 метрлик балаты орнотулган
3 / 4
Мындан сырткары, Биринчи Май районундагы Тоголок Молдо скверине, Горький атындагы паркына, Баят базарына, Дэн Сяопин менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине жана Ак-Босого жаңы конушуна балаты коюлуп, кооздолду
4 / 4
Октябрь району боюнча балатылар Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына, 24-март скверине, Туңгуч кичи районуна, "Көк-Жар", "Алтын-Ордо", "Кара-Жыгач" жана "Рухий –Мурас" жаңы конуштарына коюлган.

Билдирмеге ылайык, 20нын ичине "Ала-Тоо" аянтына коюлган балаты кирбейт.

"Улуттук филармониянын алдына 18 метрлик, Академиялык опера жана балет театрынын алдына 10 метрлик балаты орнотулган", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, Биринчи май районундагы Тоголок Молдо скверине, Горький атындагы паркка, Баят базарына, Дэн Сяопин менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине жана Ак-Босого жаңы конушуна балаты коюлуп, кооздолду.

Жаңы жылдын көркүн чыгарып. Шаарларга коюлган балатылар рейтинги
Октябрь району боюнча балатылар Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына, 24-март скверине, Туңгуч кичи районуна, Көк-Жар, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Рухий –Мурас жаңы конуштарына коюлган.

Ленин районуна караштуу Жал кичирайонуна, Фучик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине, Жаш Гвардия бульварына балатылар орнотулуп, шаардыктарга жаңы жылдык маанай тартуулоодо.

Ал эми Свердлов районунун аймагына  жаңы жылдык алты балаты орнотулган. Алар Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, №38 мектеп-гимназиясынын алдында, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын астында жана Эне-Сай жаңы конушунда жайгашкан.