Анын айткандарынын чын-төгүнүн билүү максатында милиционерлерди турист келгенде күтүлбөгөн окуя болуп кетсе эмне кылып, кандай жардам бере тургандыгы текшерилди. Албетте, биринчи эле кадам – байланыш куралы, тил болот эмеспи. Сценка боюнча туристтин акча салган капчыгын уурдап кетишти, конок жардам сурап кайрылып жатат. Тапшырманы тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жакшы аткарып, министр Жунушалиевдин алдында "уят болбой", бир нече сүйлөмдөрү айтканга жарады.
Эми биз – журналисттер өзүбүз текшерип көрүүнү чечип, ротага англис тилин жакшы билет деп кабыл алынган кызматкерлерди кепке тарттык. Сурообуз кыска жана жөнөкөй эле. Негизинен тажрыйбасы кандай, эмне үчүн ушул ишке келди, англис тилин кайдан үйрөндү деген маалыматтарды алсак дегенбиз.
Алты милиционердин ичинен сурообузга так жана туура жооп берген экөө болду. Калгандарынын биздин соболду аңдап-түшүнүп, анан жооп бергени бир нече убакытты алды.
Эске салсак, туристтик милицияда 60 киши иштеши керек, учурда алардын 20сын гана ишке алышкан.
Алардын милдети — туристке ар тараптан колдоо көрсөтүү. Коноктун жүргөн жерин же бара турган багытын так айтып түшүндүрүү, анын укуктарын коргоо. Туристтик сезондун маалында аталган кызматтын милиционерлерин Бишкектин ар кыл жерлерине жайгаштырып, андан сырткары, туристтер арасында белгилүү болгон тоо лыжа базаларына жиберишет.