Үй-бүлөмө айтсамбы же?.. Кызы бар экенин 15 жылдан кийин билген кишинин баяны

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кызы бар экенин 15 жылдан кийин билип, үй-бүлөсүнө айта албай жүргөн кишинин каты жарыяланды.

Эч нерсе сезбейм... Күйөөсүнө "ыраазы болбогон" аялдын бугу
Жашым 40та, үч баланын атасымын. Жаркылдаган жарым бар. Жашообузга ыраазыбыз. Жакында үй салып бүтүп, "жыргал жашоо эми башталат" деп турганда бир кабар угуп, башка чапкан немедей дендароо болуп жүрөм. Көрсө, менин каныман жаралган 15 жаштагы кызым бар экен. Аны кокустан билип калдым.

Жакында эле бир иш-чарадан мурунку сүйлөшкөн кызыма жолуккам. Жанына өзүнө окшогон 14-15 жаштагы келишимдүү кызды ээрчитип алыптыр. Амандашып, ал-абалды сүйлөшүп туруп калдык. Бул аралыкта тиги өспүрүм кызды эмнегедир өзүмө окшош экенин байкап калдым. Аны энеси да сезди окшойт, шашып жатканын айтып, коштошуп кетип калды. "Менин кызым болушу мүмкүнбү?" деген ойлор арбап алды. Өткөн күндөргө саресеп салып көрдүм.

Эстесем, экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө 15 жылдан ашыптыр. Төрт жыл сүйлөшүп, "үйлөнөлү" деп сунуш киргизгенде анын ата-энеси каршы болуп койгон. Көп өтпөй кызын көңүлү жок эле турмушка узатышканын уктум. Бир жылдай жаман болуп жүрүп, анан азыркы келинчегим менен таанышкам. Баарын унутуп деле калгам. Эми эски жараны кайра козгоп жолугуп калганыма бир чети өкүнүп кеттим. Баягы өзүмө окшош кызды эч унута албай, апасынын телефон номерин таап, жолугууну сурандым.

Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек
Кайрадан кездештик. "Кыз меникиби?" деп сурасам, "ооба" деди. Көрсө, боюна бүтүп калганын экөөбүз сүйлөшпөй калганда, ата-энеси кудалап койгон адамга бараарда билиптир. Эптеп жаап-жашырып, күйөөсүнө "бат эле кош бойлуу болуп калганын" айтып алдап коюптур. Бирок кийин ал күйөөсү менен ажырашып кеткен экен. Кызды таене, таятасына таштап чет өлкөгө жумуштап кетип жатыптыр. "Үй-бүлөсү бузулбасын" деп, балким кийин табышып алышаар деген ой мененби, айтор, мага айтпай эле коюуну чечиптир. "Сен уккан жоксуң, мен айткан жокмун, эч ким билбей эле койсун" деп суранган. Бирок өз каныман жаралган кызым бар экенин билип, кантип билмексен кишидей жүрө берем?

Бул жаңылыкты уккандан бери уйку жок. Бир жагынан аялымдын алдында өзүмдү күнөөлүүдөй сезип жүрөм. Ата-энем уксачы? Бирок бул сырды көпкө жашырып жүрө албайт окшойм. Бир туугандары менен тааныштырып, кызымды боорума кыскым келет. Аялыма айтканым туурабы же билгизбей эле жардам берип жүрө берсемби? Кызыма "атаң менмин" деп кантип барам? Башым катып, оюм онго бөлүнүп жүргөн кезим. Кеңеш күтөм.

Психолог Асел Сүйүнбаеванын жообу:

Окуя үйлөнгөнгө чейин болуптур. Анда күнөө жок, ошондуктан аялынан, үй-бүлөсүнөн уялбай, коркпой эле болгон нерсени жаап-жашырбай аялына ачык айта берсе болот. Келинчегин алдап жүрүп, анан башкадан балалуу болуп калган эмес да. Жубайы түшүнүктүү болсо, баарын туура кабыл алышы керек. Албетте, кызганыч болушу мүмкүн.

Жаш келинге арзып калдым окшойт... Бүлөлүү эркектин баяны
Психологдордо баланы багып алса дагы эртерээк ага багылганын айтыш керек деген түшүнүк бар. Анткени биздин коомдо, өзгөчө кыргыздарда баары бир бирөө болбосо, бирөө айтып коет. Мындай окуяны башка бирөөдөн уккандан көрө жакындардан уккан жакшы. Кыздын дагы чыныгы атасы ким экенин билүүгө акысы бар. Ошондуктан апасы ага чыныгы атасы тууралуу сөзсүз айтканы жакшы. Эртеби-кечпи, баары ачыкка чыгат. "Өткөөл курак, эрке, эмоцияга алдырат" деп күтө берсе, убакыт өтө берет. Кийин бул чындыкты кызы башка бирөөдөн угуп калса, апасына ошондо даана таарынат. Жакшы бир убакыт таап, кызынын маанайы жакшы кезинде окуяны башынан аягына чейин туура түшүндүрүшү керек. Мисалы, "атаң экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, бирок айласыздан үйлөнбөй калганбыз" деп, кененирээк кылып айтып бергени жакшы. Баарын айтып туруп, чет өлкөгө кетип калбай, кызына моралдык колдоо көрсөтсүн. Себеби бул бала үчүн дагы жеңил процесс эмес.

Ал эми психологго кайрылган киши үй-бүлөсүнө болгон чындыкты айткандан кийин апасы кете электе кызы менен таанышып, жолугуп, өз бүлөсүнө тааныштырганы оң. Бирок дароо эмес, акырындык менен. Өз үйүнө "менин кызым экен" деп дагы алып кете албайт. Анткени ал кызы үчүн бул адам азыр чоочун киши. Чоочун бүлөдө башка адамдар менен жашоо мүмкүн эмес.

Болгон окуя канчалык эрте айтылса, көйгөй да аз болот. Негизи боюна бүтүп калганын аял учурунда эле айтыш керек болчу. "Темирди ысыгында бас" деген кыргызда жакшы кеп бар го. Ошол сымал чындыкты жашырып, ичке катып жүрө берсе, ал адам өзү кыйналат, кийин башкаларды да кыйнайт.