Бөйрөктү талкалайт! Газдалган таттуу суусундуктардын зыяндуу жагы айтылды

Окумуштуулар 15 жыл бою үч миңдей афроамерикалыктардын жашоосуна байкоо салган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Газдалган таттуу суусундуктарды көп өлчөмдө ичүү бөйрөк илдетинин пайда болушун шарттайт. Бул туурасында Известия басылмасы америкалык окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Диетолог бир күндө канча мандарин жесе болорун айтты
Балтимордогу Жон Хопкинс университетинин окумуштуусу Кейси Ребхольц жана анын кесиптештери 15 жылдык иликтөөдө үч миңдей афроамерикалыктардын жашоосуна байкоо салган.

Бул убакыт аралыгында болжолдуу түрдө алардын 6 пайызы гана бөйрөктүн өнөкөт оорусуна кабылган. Мындай изилдөө окумуштууларга дарттын өрчүшүнө кандай факторлор таасир этерин байкоого жол ачкан.

Топтолгон материалдар газдалган таттуу суусундуктар өнөкөт бөйрөк ооруларына кабылуу коркунучун 61 пайызга жогорулатарын көрсөткөн.