Батыш өлкөлөрүндө китеп окуу маданияты өнүккөн. Алар интернетти пайда алуу үчүн гана колдонушат. Бул тууралуу Гүлзада Станалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп окууну жайылтуу үчүн коомдо медиа гигиена маселесин үгүттөө зарылчылыгы келип чыкты.
"Учурда өзгөчө жаштар интернетти ашкере колдонуу менен китепке болгон кызыгуусу такыр жоголду. Маалыматты кыска убакытта, тез, интернет аркылуу ала алышат, бирок бул эс тутумунда сакталып калбайт. Китеп окууну жайылтуу үчүн биздин коомго медиа гигиенасын киргизүү зарыл. Азыр окуу маданияты өскөн өлкөлөрдө да бир кезде кадимкидей эле бул термин ишке кирген. Анда коомдук жайларда, бейтапканаларда интернетти ашкере колдонуунун зыяны, маалыматты китептен алуунун пайдалуу жактары чагылдырылган маалыматтар илинип, калкка жайылтылган. Биздин да бул методду колдонуубузду мезгил талап кылууда", — деди Станалиева.
Ал адабият сабактарында акын-жазуучулардын өмүр баянын жөн гана маалыматтык таризде окута бербей, чыгармалары, фильм, театр аркылуу үйрөтүү жакшы таасир берерин кошумчалады.