Кытайда айдоочусу жок автобустар каттамга чыкты

Каттамдын узундугу 7,8 чакырым, ортосунда 22 аялдама бар.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. Кытайда айдоочусу жок автобустар сынамык тартипте жүрө баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Транспорттун мындай түрүн "акылдуу автобустар" деп да аташууда.

Долбоор Хунань (борбордук Кытай) провинциясынын административдик борборундагы Чанша шаарында ишке ашты.

Сынамык тартиптеги автобустарды Сянцзяндын жаңы районуна алып келишкен. Каттамдын узундугу 7,8 чакырым, ортосунда 22 аялдама бар. Жергиликтүү бийлик буга чейин аталган жолдо интеллектуалдык технологиялар менен жабдылган төрт электробус жүрө тургандыгын кабарлаган.