Индияда 65 жаштагы аял көз жарды

Эң кызыгы, баланын атасы 80 жаштагы киши.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Индияда 65 жаштагы аялдын төрөгөнүн Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ал ушуну менен экинчи жолу эне болуп жатат, сегиз жыл мурда уул төрөгөн.

"Индиядагы аялдардын басымдуу бөлүгү 47 жаштан кийин төрөй алышпайт. Бул окуя өтө сейрек кездешкен учур болуп тарыхта калат", — дейт жергиликтүү дарыгерлер.

65 жаштагы аял табигый жол менен боюна бүтүп төрөгөн дүйнөдөгү биринчи аял болуп калды. Эң кызыгы, баланын атасы 80 жаштагы киши.