Түндө Бишкектин чок ортосунда батир күйүп кетти. Сүрөт

Тилсиз жоо менен эки өрт өчүрүүчү бригада кармашып, он адамды эвакуациялашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда бир бөлмөлүү батир күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Пожар в квартире на проспекте Чуй

Ал эми өрттүн сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына окурман жиберди. 

Пожар в квартире на проспекте Чуй

ӨКМдин маалыматы боюнча өрт Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан. Жалпы аянты 60 чарчы метрлик бир бөлмөлүү батир күйгөн.

Өрт таңкы саат 05.12де толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда, жаракат алгандар жок.