Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 117 жыл мурун дал бүгүн жарык дүйнөгө келген.
Sputnik

Советтик бийликтин каардуу репрессиясына кабылып, жалган жерден "эл душманы" аттыккан улуу инсандын өлкөбүздүн өз алдынчалыкка жетүүсүнө кошкон салымы чынында эле эбегейсиз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги советтик бийлик жаңы орногон кезде Кыргызстандын союздук республика статусун алуусунда чоң роль ойногон Жусуп Абдрахманов тууралуу фактыларды сунуштайт.

Манаптын тукуму. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинен 3-классты аяктайт. 1914-жылдан баштап окуусун Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында улантат. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калат.

Кандуу кара келтектин курмандыктарын кучагына алган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр
Томолой жетим кылган Үркүн. Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза болот. Үркүндүн өспүрүм Жусупка салган азабы муну менен гана токтоп калган эмес. Анын энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Ошентип иниси Токо экөө томолой жетим калган 15 жаштагы Жусуп дүрбөгөн эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап күн көрө баштайт. 

Ленин менен сүйлөшкөн. Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлөт. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуйт. Бирок оорудан улам аскердик карьерасын токтотууга аргасыз болот. Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Россия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл катары катышат. Курултайда советтик бийликтин жол башчысы Владимир Ильич Ленин менен жолугуп, экөө узак убакыт аңгемелешет. 

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов

Өлкөнүн чегин аныктаган. Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат. Ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Эл өз эгемендигин өзү чечиш керектигин белгилеген коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу чыгаандар менен бирге борбору Жалал-Абад болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чейин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат. Тилекке каршы, бул идея ишке ашпай калган. Бирок Абдрахмановдун аракети менен адегенде автономиялуу облус, андан кийин автономиялуу республика болгон Кыргызстан өз эгемендигин алгыча СССРдин курамында союздук республика болуп турду.

Далай-ламага белек берген. Жазуучу Казат Акматов тууралуу 8 факты
Маяковскийдин досу. Жусуп Абдрахманов 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп иштейт. Ошол эле жылы кыргыздан чыккан алгачкы дипломат катары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт. Ал Москвада иштеп турганда чыгармачыл чөйрө менен жакын мамиледе болуп, жазуучулар, акындар, артисттер менен тез-тез жолугуп, театр жана музейлерге байма-бай барып турган. Белгилүү акын-жазуучулар Владимир Маяковский, Михаил Булгаков, Александр Кушнер, Анна Ахматовалар менен жакшы санаалаш мамиледе болгон. Швециялык адабиятчы Бенгт Янгфельдт Маяковский тууралуу жазган китебинде Абдрахманов чыгармачыл кечелердин биринде акынга жыгачтан жасалган кымбат баалуу кой белек бергендигин жазат.

Кыргызды ачарчылыктан сактаган. Жусуп Абдрахманов 1927-жылы март айында, болгону 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштайт. Эл жана өлкө үчүн айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды түзөт. Өжөр жана тайманбас өкмөт башчы өлкөдөгү кээ бир маселелер боюнча борбордук бийликке баш ийбеген саясатты жүргүзгөн. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясаттарын белгилеген. 1930-жылдары айтылуу ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын "улутчул" деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда "Компартияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. 

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов

Репрессиянын курмандыгы. Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аеосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдоп келген. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Ошол күнү аны тергөөчү бөлмөсүнө чакырат. Абдрахманов суракка алып жаткан тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Ызы-чууга чуркап келген сакчылар аны атып салат. Абдрахманов 1958-жылы гана толугу менен акталган.

Кыйын кезеңди башынан өткөргөн үй-бүлөсү. Жусуп Абдрахманов казак кызы болгон жубайы Гүлбахрам менен 1917-жылы Алматыда таанышат. Жаш кыз жалданма иштерде иштеген уланды алгач теңине албаганы менен акылдуу, эмгекчил бала анын көңүлүн өзүнө бурат. Ошентип экөө Алматы шаарында баш кошушат. Беш баланы тарбиялаган үй-бүлө Жусуп Абдрахманов "эл душманы" деп атылгандан кийин абдан кыйын кезеңди башынан кечирет. Бир кездери жалпы кыргызды ачарчылыктан сактаган инсандын үй-бүлөсү эми өзү бир сындырым нанга жетпей калат. Аларга өлкөдөгү мектептердин, жумуш мекемелеринин эшиги жабылат. Бул мамиле Жусуп Абдрахманов акталгандан кийин гана өзгөрөт. 

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов

Жан сыры төгүлгөн күндөлүк. Жусуп Абдрахманов ички сезимдеринен баштап ошол кездеги СССРдин жалпы саясий абалын "Күндөлүгүнө" эч төкпөй-чачпай, жасалмалуулуктан алыс болуп жазып турган. Алгачкы жазуу 1928-жылы августта жазылса, акыркысы 1932-жылы ноябрда кагазга түшүрүлгөн. Ал күндөлүгүнө "Адамдар деле табият кубулуштары сындуу өзгөрүлмөлүү келет. Достор деле көп, бирок чын-чынына келгенде баарыбыз эле жалгызбыз. Баарынан жалгызы мен эле болушум керек, менден жалгызды табуу кыйын. Пенде дегениң турмуш-тириликтин ойку-кайкысынан оңой эле өтүп кетем деп ойлойт. Менин баамымда, турмуш дегениң каалаганча калчап, анан адамды бир күнү акыркы күнүнө алып келет. Күрөш — жеңиш эмес, ар бир күнүң — жаркылдаган жакшы кубаныч эмес", — деп жашоо, жалгыздык тууралуу жазган. Ошол эле учурда борбордук бийликтин саясатын сындап "Революциянын сыналган жоокерлери катардан чыгууда, өлкөнүн абалы начарлоодо. Эгин даярдоо начар. Өнөр жай товарлары жок. Дыйканчылыкта иш жүзүндө репрессия жүрүүдө, айлананы кара туман каптай баштады. Совет бийлиги үчүн "жут" болбойбу…" — деп жазган. Абдрахманов өзүн сындагандан эч качан качкан эмес. Муну анын "…Акыркы ой-санаам — байкуш эл. Элим жашоосун уюштуруунун жетекчилигин мендей көрпендеге ишенди. Өз элинин ишеничин актай албаган мен ушунчалык эле акмакмынбы? Жок. Андай эмес! Мен элимдин жаман балдарынан эмесмин. Ооба, жамандардын катарында эмесмин…" — деген ойлорунан түшүнсө болот.