БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаковду шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жаза мөөнөтүү шарттуу жана 3 жыл сыноо мөөнөтү берилди.
Жарыш сөз учурунда прокурор экс-депутатты 12 жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн камакка алуу менен жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн сураган.
Исаковго 2017-жылдын февралында "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Исаковго Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп жаткан учурунда (2010-2015-жылдар) 315 токтомду мыйзамсыз чыгарган деп айыптаган.
2018-жылдын 24-декабрында КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков өз каалоосу менен мандатын тапшырган.