БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Түркиялык сүрөтчү Элиф Сахин "гипер реалдуулук" стилинде иштеп, өзүнүн эмгектерин Instagram баракчасына жарыялап келет.
Анын тарткан сүрөттөрүн реалдуу предметтерден айырмалоо мүмкүн эмес.
Бүгүнкү күндө Элиф Сахиндин баракчасына 19 миңден ашык адам жазылган. Интернет колдонуучулар анын эмгектерине жогорку баасын берип келет.