БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Miss Universe Beauty-2018 эл аралык конкурсунда Missis World номинациясын жеңип алган Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү делген киши кассациялык арыз бергенин анын жактоочусу Рустам Абдурауфов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал быйыл сентябрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Сот ошондой эле аны Шакированын апасына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
"Айыпкер моралдык чыгым үчүн чегерилген каражат менен макул эмес. Сот иши 19-январда болот", — деди адвокат.
Буга чейин маркум Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен макул экенин айтып, даттанбай турганын билдирген.
Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталган.
Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.