Шаардык сот Райым Матраимовду кызматына кайтарды

Өкмөт Биринчи май райондук соттун чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төргасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызматына кайтарды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Жогорку соттон кабарлашты.

Белгилей кетсек, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу. Бирок өкмөт соттун чечимине нааразы болуп шаардык сотко даттанган. Эми өкмөт кайра Жогорку сотко даттанар-даттанбасы белгисиз. 

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу.