Ошто Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 1.00гө чейин иштейт

Майрамга карата жасалгалоого бюджеттен 1,5 миллион сом жумшалган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ош шаарында Жаңы жылга карата 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат 01.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарага келген шаар тургундары менен конокторду коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында тийиштүү буйрук чыккан. Ага ылайык, кичиавтобустар менен троллейбустар элди калаанын бардык аймагына ташыйт.

Ал эми Бишкекте бул күнү коомдук транспорт түнкү саат 2.00гө чейин иштейт.