57 жаштагы киши 25теги жигиттин паспорту менен КРге өтүүгө аракет кылган

Сурак учурунда тууганынын паспортун алып жүргөнүн моюндаган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Чечме" бекетинен Кыргызстанга башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мыйзам бузган киши бүгүн, 28-декабрда, колго түшкөн.

"Өзбекстандын 57 жаштагы жараны чек арадан 25 жаштагы жигиттин паспортун көрсөткөн. Кызматкерлер ал жаш курагынан кыйла улуу көрүнгөндүктөн андан шек санаган. Сурак учурунда ал тууганынын паспортун алып жүргөнүн моюндаган", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү материалдар толтурулгандан кийин кармалган киши ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине берилди.