Январдан тарта фермерлерге сүттүү уй алуу үчүн лизинг бериле баштайт

Долбоордун негизги максаты — сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде сүт кластерин өнүктүрүү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылдан баштап сүттүү уйларды багууну көздөгөн фермерлер үчүн "Айыл банк" аркылуу лизинг берүү башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Англия менен Индияга сатылган сурьма. Баткендин өндүрүшү кандай абалда
Долбоордун негизги максаты — сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде сүт кластерин өнүктүрүү. Келе жаткан жылдын январь айынан тарта бериле баштачу насыяларга жалпысынан 200 миллион сом каралган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов асыл тукум малды багуу боюнча эффективдүү жыйынтыктар болушу үчүн фермерлер арасында заманбап ыкмалары тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын күчөтүү керектигин айтты.

Ал эми адистер өлкөнүн сүт тармагынын ассортименти жүздөгөн аталыштарды камтып, андан ары толукталып жатканын белгилеп, мындан улам бул багыт азык-түлүк өнөр жайы тармагынын жүзү боло алат деген пикирде.