Финпол Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Сүрөт

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы буга чейин Азербайжанда кармалган Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Аны бүгүн, 28-декабрь күнү, Финансы полициясынын кызматкерлери Баку шаарынан Бишкекке жеткиришти. 

Экстрадиция беглого экс-председатель ГТС Адамкула Жунусова в Кыргызстан

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Жунусов эл аралык издөөгө алынган. Ал эми 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылып, экстрадициялоо маселеси карала баштаган.

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Финполдун маалыматында Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.