2019-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд. сом кетет. Үрөй учурган график

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 300 миллиард сомдон ашат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жаңырган жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 28 миллиард 327 миллион сом бөлүү пландалып жатат. Бул тууралуу 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата жасалган бюджеттин божомолунда белгиленген.

Бул сумма казынанын киреше бөлүгүнүн бештен бирин түзөт. Белгилей кетсек, 2019-жылы мамлекеттин киреше бөлүгү 151 миллиард сом болоору айтылууда.

Башкы финансылык документке мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ноябрда тышкы карыз жана башка чыгымга корогон акчанын көлөмү айтылды
Мамлекеттик карызды төлөө жылдан-жылга өсүп жатат. Былтыр ал 20,6 миллиард сом болсо, 2021-жылы 36,5 миллиард сом карыздарды төлөөгө жумшалат.

Мамлекеттик карыз эки бөлүктөн турат. Алар: тышкы жана ички карыздар.

2018-жылдын октябрь айынын аягына алынган маалымат боюнча мамлекеттик карыз 308,5 миллиард сом же 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү тышкы карызга туура келет.