Тоңдо кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши набыт болду

Окуя кечээ, 26-декабрда, болжол менен саат 15:56ларда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы Үч-Чуңкур тилкесиндеги көлдө кайык оодарылып кетип, 57 жаштагы киши сууга чөгүп каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 26-декабрда, болжол менен саат 15:56ларда болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар кишинин сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.