Укук коргоо органдары жаңы жылдык майрамдарда шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоого даяр. Бул тууралуу Нурбек Калыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, милиция борбор калаадагы бардык 101 орто билим берүү окуу жайларын, кафе, ресторандарды да көзөмөлгө алып, иш-чаралардын коопсуз өтүшүнө жан үрөөдө.
"Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу ички иштер министринин, анын негизинде Бишкек ШИИБ жетекчисинин атайын кызматтык буйругу чыккан. Ага ылайык, 30-декабрдан тартып 7-январга чейин өздүк курам күчөтүлгөн режимде иш алып барат. 31-декабрда эртең мененки 8.00дөн 20.00гө чейин 700 кызматкер, кечки сегизден түнкү бирге чейин дагы 1600-1700 кызматкер коомдук тартипке көз салат. Баш-аягы 2300 тартип сакчысы күзөттө болот. Андан сырткары, 20-декабрдан 30-декабрга чейин мектептерде Жаңы жылдык балатылар, мекеме-уюмдарда корпоративдер өтөт. Шаардагы бардык 101 мектептин ар бирине үчтөн милиция кызматкерин бөлүп бердик. Кафе, ресторандар дагы видеокөзөмөлдө", — деди Калыкеев.
Ошондой эле ал шаар тургундарын жаңы жылдык иш-чараларда, коомдук жайларда мыйзамсыз иштерге барбоого чакыра тургандыгын кошумчалады.