Радио

Керималиев: сүт, эт, кызылча, жер-жемишти өзүбүзгө жеткидей өндүрөбүз

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев тамак-аш коопсуздугун аткарууда тогуз азык-түлүктүн запасын камсыз кылуу керек экендигин билдирди.
Sputnik
Керималиев: сүт, эт, кызылча, жер-жемишти өзүбүзгө жеткидей өндүрөбүз

Азыркы тапта республика тамак-аш коопсуздугунун тизмесине кирген тогуз айыл чарба продукциясынын ичинен төрт түрүн өзүнүн күчү менен жетиштүү көлөмдө өндүрө алат. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл айрыкча кант кызылчасын өндүрүү жакшырып, түшүмүн пайдалуу өткөрүү маселеси дагы жөнгө салынган.

"Тамак-аш коопсуздугун аткарууда биз төрт продукцияны өзүбүзгө жетишерлик деңгээлде өндүрөбүз. Ал сүт азыктары, жер-жемиштер, кант кызылчасы жана эт азыктары. Аларды экспорттоо дагы жолго түшүп калды. ЕАЭБге кирүүдө агрардык тармак артыкчылыктуу болуп белгиленген. Айыл чарба продукциябыз үчүн 150 миллиондук рынок ачылды. Сүт азыктарын экспорттоочу 14 ишкана атайын реестрге катталган. Жер-жемиштер боюнча дагы көйгөй жок. Буга чейин кант кызылчасына байланышкан маселе олуттуу эле. Түшүмдү өткөрүүдө дыйкандар кыйналчу. Азыр "Кошой" кант заводу ишке кирип, дыйкандар өндүргөн продукциясын оорчулуксуз өткөрүп калды", — деди Керималиев.

Ошондой эле ал "Кошой" кант заводу өкмөттүн түздөн-түз колдоосу менен жаңыланып, реабилитация болгондугун кошумчалды.