Бала кезинде сексуалдык кулчулукка кабылган аял 32 жылдан кийин бошотулду

Аргентиналык аялды 1978-жылы 13 жашында уурдап кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Боливияда сексуалдык кулчулукта жүргөн аргентиналык аял 32 жылдан кийин кое берилди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан Clarin порталына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аргентина тургунун 1987-жылы 13 жашында уурдап кетишкен.

Эл аралык уюм Кыргызстанда 24 миң кул бар дейт го. Отчет
Басылманын маалыматына таянсак, туткундан бошотулган аял Боливияга эжеси менен барган. Эже-сиңдини жумуш берем деп 50 жаштагы эркек киши чакырган. Ал ошол учурда кыздын улуу эжеси менен жакшы мамиледе болчу. Үч ай өткөндөн кийин кыздын эжеси көңүлдөшү менен уруша кетип Аргентинага кайткан. Бирок бир тууганын алып кете алган эмес. Аялдын айтымына караганда, эркек киши кыздарды алдап чакырып, андан соң аларды сойкуканада мажбурлап иштетип койгон.

Бул иш 2014-жылы тыкыр иликтене баштап, 45 жаштагы аял Аргентинадан анча алыс эмес Бермехо шаарындагы кампадан тогуз жашар уулу менен табылган.

Азыркы учурда эркиндикке чыккан аял үй-бүлөсү менен чогуу турат.

Эл аралык эмгек уюмунун сайтында маалымдалгандай, 2016-жылы дүйнөдө 40 миллионго чукул адам кулчулукка кабылганын айтып кайрылган. Ал эми эмгек лагеринде дүйнө жүзү боюнча 152 миллион бала бар.