Чет өлкөлүк бизнес делегациянын көбү Кыргызстанга Россиядан келген. Бул тууралуу Амангелди Давлеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта Россиянын Урал аймагы, Новосибирск жана Кемерово облустары менен алака жогорку деңгээлге жетти.
"Соода-өнөр жай палатасы 1959-жылы Соода министрлигинин алдында түзүлүп, 1993-жылы коомдук уюм болуп бөлүнгөн. Биздин максат — орто жана чакан бизнеске колдоо, көмөк көрсөтүү. Аларга жаңы рынокторду ачууга, чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, консультациялык кеңештерди берүүдө жардам берүүгө аракет кылабыз. Себеби биздин дүйнөнүн 60 соода-өнөр жай палатасы менен байланышыбыз бар. Өткөн жылы биздин өлкөгө Кытайдан, Түркиядан жана Россия Федерациясынан сегиз бизнес делегациясы келди. Акыркы учурда Урал аймагы, Новосибирск жана Кемерово облустары менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлге чыгып жатат", — деди Давлеталиев.
Ошондой эле ал ата мекендик компаниялардын продукциясын чет өлкөгө чыгарууда кыргыз диаспораларынын көмөгү чоң болуп жаткандыгын кошумчалады.