Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Бакиров Исаковдун ордуна эл өкүлү болуп келди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жаңы депутат Өмүрбек Бакиров (КСДП) Жогорку Кеңеште ант берди.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Бакировго 26-декабрда мандат тапшырган болчу.

Ал Музаффар Исаковдун ордуна депутат болуп келди. Исаков депутаттык мандатынан өз ыктыяры менен баш тартуу боюнча арыз жазган.