Кытай: мугалимин 20 жылдан кийин кармап алып урган жигиттин видеосу

Мурдагы мугалимин кармап алып, өч алуу максатында ур-соккуга алган жигиттин окуясы социалдык тармак колдонуучуларынын кыжырын кайнатты.
Sputnik

Окуя Кытайдын Хэнань провинциясындагы Лоян шаарында болгондугун The Daily Mail басылмасы жазды.

Депутат Бакиров мугалимдер үчүн эстелик орнотууну сунуштады
Окуя мотороллер менен кетип бара жаткан кишини 30 жаш чамасындагы жигит токтотуп алып, суракка алганы менен башталган. Ал жашап калган берки кишиден "мени эстедиңби" деп сурап жатат. Ал жигиттин ким экендигин эстегенче, жаакка чаап жибергендигин көрүүгө болот.

Жашыраак эркек мурдагы мугалими бир кезде, мындан 20 жыл мурда, аны урганын эске салып, мотороллерчонду ур-соккуга алып, койгулай баштайт. Анын мындай агрессиясы мугалим кечирим сурагандан кийин гана токтогон.

Маалыматта жигит кичинекей окуучу кезинде сабакта уктап калганы үчүн жазаланып, тизелеп отуруп, мугалимден 10 жолу башка жегени айтылган.

30 жаштагы ал жигиттин мындай кылыгы Кытайдагы социалдык тармактын жаалын келтирген. Бул окуя интернетке тарап кеткенден кийин полиция аны коңшу шаарга чыгып кетүүгө үлгүртпөй кармаган.