Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусу насыя түрүндө 300 млн. доллар берди

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусу (РКӨФ) үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата насыя түрүндө 294,2 миллион доллар акча бөлгөнүн аталган уюм билдирди.

Өлкөдө бизнесмендерди колдогон комитет түзүлүп, ага президент төрага болду
РКӨФ Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенинен кийин түзүлгөн. Уставдык капиталы 500 миң доллар.

Жалпы жонунан 294,2 миллион долларлык 1630 долбоор жактырылганы айтылды. Анын дээрлик үчтөн бири же 31 пайызы өндүрүшкө бөлүнсө, 23,2 пайызы агроөнөр жайды өнүктүрүү үчүн жазылган бизнес-долбоорлорго берилген. Каражат бөлүнгөн ири тармактын катарында транспорт жана соода бар.