Жогорку Кеңеште 11 айда жол кырсыгынан канча киши каза болгону айтылды

Депутат мындай каргашалуу окуялар негизинен коопсуздукту сактабагандыктан да болуп жатканына токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков ИИМдин маалыматы боюнча быйыл 11 айдын жыйынтыгында өлкө боюнча 5798 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 600дөн көп киши каза болуп, 8 миңден ашык адам түрдүү жаракат алганын айтты.

Депутат мындай жоготуулар негизинен коопсуздукту сактабагандыктан да болуп жатканына токтолду.

"Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочулардын ылдамдыкты сактабагандыгынан болууда. Андан сырткары, мас абалында айдагандар да себепчи болуп жатат. Бейкүнөө кишилердин өмүрүнө капыстан балта чаап албайлы. Шашкан балдарды тыйып туралы. Эң баалуу нерсе — адам өмүрү", — деди депутат.

Ал ошондой эле тийиштүү органдар кырсыктардын алдын алуу үчүн иш-чараларды өткөрүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.