Бишкектеги өкмөттүк трассада жол кырсыгы болду. Сүрөт, видео

Жол кырсыктан 50-55 жаш чамасындагы аял жабыркап, Тез жардам кызматы аны ооруканага алып кетти.
Sputnik

Борбор калаада Айтматов проспектисинде жеңил унаалар кагышып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу кабарлады. 

ДТП на проспекте Айтматова в Бишкеке

Бишкек ЖКККББдан маалымдашкандай, саат 19.00дөр чамасында Киргизия-1 конушуна жакын жерде Honda Fit үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.

"50-55 жаш чамасындагы жүргүнчү аял жабыркап, аны Тез жардам унаасы алып кетти. Айдоочулар медициналык кароодон өтөт. Ал эми унаалары айып короого токтотулду", — деп ЖКККББдан билдиришти.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.