"Ак-Таш" пункту ачылып, Барак эксклавынан Ошко жетүү жеңилдеди

Мамлекеттик чек арада турган өткөрүү жайы кыргыз айылы болгон Барактын тургундарын 2013-жылдан тарта өткөрбөй калган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Ак-Таш" өткөрүү жайы беш жылдык тыныгуудан соң ишин жандантканын кыргыз өкмөтү билдирди.

Эскерте кетсек, аталган бекет Ош облусунда жайгашкан.

Ишти жандантуу боюнча макулдашуу 18-декабрь күнү КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кабыл алынган. Жолугушуу мамлекеттердин чектеш облустарынын жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында жүргөн.

Россияда иштейм деген кыргызстандык чек арадан эмне деп айтышы керек
"Ак-Таш" өткөрүү пункту мамлекеттик чек арада жайгашып, Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланышытырып турат. Барактын тургундарын 2013-жылдан тарта өткөрбөй калган.

Ошол кезде жетишилген макулдашууга ылайык, 2013-жылдан 2015-жылга чейин аталган айылга азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү май, урук, жер семирткич жеткирилип турган.

Белгилей кетсек, буга чейин Барактын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн 150 чакырым басып "Кызыл-Кыя" пунктунан өтүүсү керек болчу. Ошко чейин 300 чакырым аралык экени айтылат. Ал эми "Ак-Таш" аркылуу жол болгону бир чакырымдын тегерегин түзөт.

Көзөмөл өткөрүү жайы күн сайын саат 9дан 19.00гө чейин иштемекчи. Маалыматта эгерде адаттан тыш жагдай жаралса, бекет күнү-түнү иштөөгө даяр экендиги айтылат.