Якутия: ала салган автоунаанын номери Кыргызстандыкы болуп чыкты. Айдоочу каза тапты

Автокырсык 26-декабрда саат 12.10дө болгондугу айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Якутиянын Нерюнгринск районунда кыргызстандык номер тагылган жүк ташуучу автоунаа ала салып кетип, айдоочусу каза тапты. Бул туурасында “Якутия 24” сайты кабарлады.

Автокырсык 26-декабрда саат 12.10дө болгондугу айтылды. Рулда отурган адам аны башкара албай калып, кырсык болгон. Айдоочу ошол жерден жан бергендиги айтылды. 

Сайт автокырсыктын дагы башка себептери такталып жаткандыгын жазды.

“Якутия 24” сайтындагы сүрөттө автоунаадагы номер Кыргызстанга таандык экендигин көрүүгө болот.