Борбор калаага коюлчу Бишкек баатырдын эстелиги кандай болот? Макеттер

Биринчи турдун жыйынтыгы 21-январда чыгарылат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек баатырдын эстелигин иштеп чыгуу боюнча жарыяланган конкурска жалпысынан 18 иш келип түштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Разработка проекта памятника Бишкек Баатыру

Мэриянын буйругуна ылайык, Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу боюнча конкурсту өткөрүү "Бишкекбашкыархитектура" ишканасына тапшырылып, конкурстун шарты аныкталган. 

Разработка проекта памятника Бишкек Баатыру

Ачык конкурстун биринчи туру 24-сентябрдан 24-декабрга чейин өткөн. Эми келип түшкөн эмгектер "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын имаратында 18-январга чейин көргөзмөгө коюлат.

Конкурстун шартына ылайык, биринчи турдун жыйынтыгы 21-январда чыгат.