Премьер-министр "Тумар" бий тобуна акчалай жардам берди

Өкмөт башчы "Тумар" бий тобу жана Атай Өмүрзаков менен жолуккан.
Sputnik

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Тумар" бий тобуна America's Got Talent теледолбооруна катышуусу үчүн акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өкмөт башчы бүгүн Эрмек Кадыров башында турган "Тумар" бий тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Ага аталган топту түптөөгө жардам берген белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков да катышты. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев принял группу "Тумар"

"Мүмкүнчүлүгү чектелген бийчилер премьер-министрге чыгармачыл пландары жана эл аралык сынакка камынып жатканы тууралуу айтышты. Ал эми Абылгазиев алардын жаштар арасында заманбап бийлерди жайылтуудагы салымы чоң экенин белгилеп, "Тумар" тобунун мүчөлөрүнө кайрылып, алардын чыгармачыл максаттарга жетүү үчүн жашоодогу кыйынчылыктарды татыктуу басып өткөн кайратмандыгын баалады"¸ — деп жазылат маалыматта.

Соңунда өкмөт башчы бийчилерге чыгармачыл ийгиликтерди каалап, America's Got Talent телесынагына катышуусу үчүн 300 миң сом берген.