Түркмөнстандын президенти Жаңы жылга карата үч тилде ырдады. Видео

Ырдын сөзүн Бердымухамедов өзү жазса, обонун анын небереси Керимгулы Бердымухамедов жараткан.
Sputnik

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов небереси менен үч тилде ыр ырдап, интернет колдонуучуларын кайрадан таң калтырды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин жаңы жыл тууралуу ыры чыкты
Маалыматка ылайык, түркмөн эл башчысы чыгарманы англис, немис жана түркмөн тилдеринде аткарган. Бердымухамедов аталган чыгарманы "Мизан" борборунда өтүп жаткан майрамдык кечеде аткаминерлерге жана маданий ишмерлерге ырдап берген.

Ырдын сөзүн өлкө башчы өзү жазса, обонун анын небереси Керимгулы Бердымухамедов жараткан.

Белгилей кетсек? Бердымухамедов такай жаңы ырларды чыгарып, ырдап турат. Анын бир чыгармасы Азия оюндарынын гимни болгон.