Радио

Тайлаков: табигый монополиялык субъектилердин тарифтери өзгөргөн жок

КР өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков ушул күнгө чейин мекеме республикалык бюджетке 161 миллион сомго жакын каражат которгондугун маалымдады.
Sputnik
Тайлаков: табигый монополиялык субъектилердин тарифтери өзгөргөн жок

Былтыркы жылга салыштырмалуу бул сумма 30 миллион сомго жогору. Бул тууралуу Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч жыл аягында соттук териштирүү иштердин жыйынтыктарына жараша өзгөрүшү дагы мүмкүн.

"Табигый монополиялык субъектилердин негизсиз тарифтерин көтөрүүнү алдын алдык. Ошол эле аэропорт, аэронавигация, темир жолундагы тарифтер 2014-жылдан бери көтөрүлгөн жок. Айрыкча уюлдук байланыш операторлоруна көзөмөл күчөдү. Алар бири-бири менен өз алдынча сүйлөшүп, тарифтерди 40-50 пайызга чейин көтөрүп ийген учурлары болду. Аларга айыптар салынды. Кайсы бир учурда айыптын суммасы 100 миллион сомго чейин чыкты. Биздин мекеменин бирден-бир багыты — керектөөчүлөрдүн укугун коргоо болуп саналат. Азыр бул уюлдук операторлорго байланышкан иштер боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат. Акы төлөп кызмат көрсөтүү жаатындагы негизсиз бааларды көтөрүүгө бөгөт койдук. Республикалык бюджетке ушул күнгө чейин 161 миллион сомдун тегерегинде каражат котордук, былтыр ушул маалда ал көрсөткүч 120 миллион сомду түзгөн. Азыр дагы соттук иштер жүрүп жатат. Андыктан жыл аягына чейин бул көрсөткүчтөр дагы өзгөрүшү мүмкүн", — деди Тайлаков.

Ошондой эле ал республика боюнча жалпысынан Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде 70тей кызматкер эмгектенерин кошумчалады.