Радио

Станалиева: китеп окубаган баланын кабыл алуусу да начар болот

Филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Гүлзада Станалиева китеп окуу баланын бардык тармактан өнүгүшүнө шарт түзөрүн айтты.
Sputnik
Станалиева: китеп окубаган баланын кабыл алуусу да начар болот

Адам китеп окубай калганда анын ой жүгүртүүсү да токтойт. Өзгөчө өспүрүм куракта көп окуу — баланын ар тараптан өнүккөн адам болушуна шарт түзөт. Мындай пикирин Гүлзада Станалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адамдар күнүнө жок дегенде беш мүнөттөн болсо да китеп окуп туруусу зарыл.

"Текст жазууда оюн кагазга түшүрө албаган студенттер болот. Менде да бир ушундай бала бар эле. Бул кемчиликти кантип жоём деп абдан аракеттенди. Ага алгач туура жазууга ашыкпай, китеп оку деп кеңеш бердим. Алгач Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романын, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуду. Өзгөчө "Каныбек" чыгармасы кыргыздын нукура сөздөрүн камтып, сөз байлыгын өстүрөм деген кишиге жакшы жардам берет. Жыл аягында ал студентим оюн кооз, жеткиликтүү жазып эле эмес, баскан-турганы, кыймылы, сүйлөө манерасы, үнү, бардыгы өзгөрдү. Андыктан, китеп окуунун байкалбаганы менен адамга тийгизген таасири чоң. Ар бир адам күнүнө жок дегенде беш мүнөт убактысын окууга арнашы керек",— деди Станалиева.

Адабиятчы учурда жаштардын китеп окууга кызыкпаганына интернетти ашкере колдонушу себеп экенин кошумчалады.