Радио

Абдыкеев: өлкөдө активдүү иштеген 20 камсыздандыруу компаниясы бар

Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы 2015-жылы кабыл алынгандыгын маалымдады.
Sputnik
Абдыкеев: өлкөдө активдүү иштеген 20 камсыздандыруу компаниясы бар

2016-жылдын 7-февралында ал мыйзам иш жүзүнө ашмак. Бирок айрым маселелерге байланыштуу мыйзамды ишке ашыруу 2019-жылдын февраль айына жылдырылган. Бул тууралуу Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгүн Финансылык рынокту жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөп турат.

"Өлкөдө 19 жеке менчик жана бир мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы бар. Мурда мындай компаниялардан бир нерсе өндүрүп алуу кыйын болчу. Азыр анын ишин көзөмөлдөп турчу мамлекеттик орган бар. Ал — Финансылык рынокту жөнгө салуу мамлекеттик кызматы. Эгерде кимдир бирөөдөн кандайдыр бир арыз түшсө, алар дароо текшерүүгө алат. Ошондуктан камсыздандыруу компанияларынын ишмердүүлүгү иретке келип, кооптонууга негиз жок. Биздин компанияларга көбүнесе чет өлкөдө жашап келгендер, буга чейин кайсы бир күтүлбөгөн жагдайларга туш болгон жарандар жана чет өлкөлүк ишканалар камсыздандыруу боюнча активдүү кайрылышат. Себеби алар бул иш-чара эң керектүү экендигинен кабардар. Эми камсыздандыруу милдеттүү түрдө жүргүзүлө баштагандан кийин абал өзгөрөт деп турабыз", — деди Абдыкеев.

Ошондой эле ал өлкөдөгү камсыздандыруу компанияларынын рейтингин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлсө жакшы болмоктугун кошумчалады.