Табып Хашим Зайналиев эми тергөө абагында кармалат

Табыпты камоо чечимин Октябрь райондук соту чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелип кармалган табып Хашим Зайналиев Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга киргизилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Зайналиевди камоо чечимин Октябрь райондук соту чыгарган.

Эмчи Зайналиев дарылаган наристе оор абалда. Министрлик күч органдарына кайрылат
Милициянын билдиришинче, ушул жылдын 20-декабрында эркек киши милицияга кайрылып, 2016-жылдын апрелинде кайненесин Зайналиевдин клиникасына жаткырганын айткан. Анда табып аялды лицензияланбаган каражаттар менен дарылап ал жакшы болуп кетерин убадалаган. Бирок эки айдай дарыланып чыккандан кийин абалы начарлап аял каза болуп калган. Табып бейтаптын жакындарынын ишеничине кирип 100 миң сомдой акчасын алган деп айтылууда.

Мындан улам 166-берене (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп 22-декабрда Зайналиев кармалган.