Буларды күнүгө көрө бербейбиз. Фотокапканга түшкөн Кыргызстандагы жаныбарлар

Соңку учурда жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканы белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады.

1 / 7
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады
2 / 7
Нарын мамлекеттик коругунун аянты 105,5 миң гектарды түзөт
3 / 7
Ал жактан сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктардын беш түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү жана башка кургакта жашоочу жаныбарлар бар
4 / 7
Ал эми Чоң-Кемин паркынын жалпы аянты 124 миң гектар
5 / 7
Анын ичин чанда кездешчү жаныбарлардын 45 жана канаттуулардын 120дан ашык түрү байырлайт
6 / 7
Ведомство жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгилейт
7 / 7
Ведомствонун кызматкерлери жергиликтүү калкка айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле айбанаттарга көз салып каттоого алып турушат.

Нарын мамлекеттик коругунун аянты 105,5 миң гектарды түзөт. Ал жактан сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктардын беш түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү жана башка кургакта жашоочу жаныбарлар бар.

Ал эми Чоң-Кемин паркынын жалпы аянты 124 миң гектар. Анын ичин чанда кездешчү жаныбарлардын 45 жана канаттуулардын 120дан ашык түрү байырлайт.

Ведомство жапайы айбанаттарды жана канаттууларды коргоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгилейт.

"Мурда жаныбарларды кезиктирүү абдан кыйын болчу. Мисалга ак илбирсти айтсак болот. Алар 15 жыл мурун жоголуп кетүү коркунучунда турган. Азыр кырдаал жөнгө салынып жатат деп сыймыктануу менен айта алабыз", — делет агенттиктин маалыматында.

Ведомствонун кызматкерлери жергиликтүү калкка айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле айбанаттарга көз салып каттоого алып турушат.