Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме

Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Эртең, 26-декабрда Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.30-17.00 — Дордой конушу;

09.30-17.00 — Орозбеков, Саадаев, Тоголок Молдо көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Хайдаркан туюк көчөсү;

09.00-17.00 — Рухий-Мурас конушу;

13.00-15.00 — 6-кичи райондогу №25, 26, 27 үйлөр;

09.30-12.00 — 11-кичи райондогу №26, 27 үйлөр;

16.00-17.00 — 5-кичи райондогу №68-72, 56А үйлөр;

09.00-17.00 — Малдыбаев көчөсүндөгү №16, 18 үйлөр;

09.30-18.00 — Медеров, Панфилов, Кызыл-Алма, Көк-Сай, Манас, Мост көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-20.00 — Панфилов, Лев Толстой, Түлөбердиев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-17.00 — Садырбаев, Валдайский, Курчатов, Репин көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик конушу.