Пресс-борбор

Бишкектин туристтик милициясы француз жана италия тилдеринде сүйлөйт

Азырынча туристтик милицияда 60 киши иштейт. Алардын бардыгы англис тилин билишсе, айрымдары башка да тилдерди билет деп жетекчилиги ишендирүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектин туристтик милициясынын кызматкерлери англис, италия, француз жана түрк тилдерин билет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столдо Бишкек ШИИБдин адистештирилген милиция ротасынын патрулдук кызматынын командири Борборбек Ташматов билдирди.

Командир специализированной роты милиции полка патрульно-постовой службы ГУВД столицы Борборбек Ташматов

Сынамык долбоордун алкагында 60 киши тандалып алынган. Эки взвод түзүлүп, аны Ташматов жетектөөдө.

Анын айтымында, тандоо учурунда англис тилин билгендерге артыкчылык берилген. Бардык милиционерлердин тийиштүү сертификаттары бар. Кызматкерлердин жарымы эркектер болсо, жарымы аялдар. Туристтик милиция 28-декабрдан тарта иштей баштайт.

"Бардык кызматкерлердин табелдик тапанчасы бар. Ошондой эле атайын автоунаа берилет. Укук бузуу тууралуу маалымат болсо, милиция дайым барууга даяр. Учурда Бишкекте иштеп жатабыз, ошентсе да башка жерлерге да чыгып турабыз. Мисалы, 28-декабрдан кийин кызматкерлер тоо лыжа базаларына барып иштейт. Андан сырткары, Ысык-Көлгө да иш сапарга барышат", — деди Ташматов.

Милиция туризм департаменти менен чогуу иштейт. Ташматов туристтик милиция ишин жакшыртып, келечекте туристтердин жүргөн жерин да көзөмөлдөп турушарын билдирди.

Туристтик милицияга кабыл алуу сентябрь айында жарыяланып, талапкерлер жогорку билимдүү жана 35 жаштан өйдө болушу керек болчу.