Аскарбек Шадиев он жылга кесилди

Шадиев жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевди сыртынан он жылга кести.

Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу Шадиевди үй-мүлкүн камакка алуу менен 11 жылга эркинен ажыратууну, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөсүн суранган. Ал эми анын адвокаты Учкунбек Каримов жактоочусунун айыбы жок экенин айтып, актоону өтүнгөн.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов экс-депутат Аскарбек Шадиевди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деп тогуз жылга, чек арадан мыйзамсыз өткөн деп эки жылга эркинен ажыратты. Эки айыптоону кошуп Кайыпов Шадиевди үй-мүлкүн камакка алуу менен он жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести.

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов. Архив
Алмамбет Шыкмаматовдун кылмыш иши токтотулду
Тергөөнүн маалыматы боюнча Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаттарына деп каралган 30 миң долларды кымырып алууга тийиштиги бар деп айыпталган.

Белгилей кетсек, Шадиев 6-апрелде кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Буга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон. Аталган сумманы алууга шарт түзгөн катка Аскарбек Шадиев кол койгон.

Андан сырткары, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч иш козголгон