Төө буурчакты 30 өлкөгө экспорттойт. Таластыктар дагы эмнеси менен мактанат

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул жолу Талас облусундагы ишканалар жөнүндө сөз болот.
Sputnik

Талас облусунда төрт район (Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Талас), шаар тибиндеги бир айыл, 36 айыл өкмөт, 90 кыштак бар. Аймакта жарым миллионго жакын адам жашап, учурда ондогон ишкана толук кандуу иштейт.

Курулуш материалдары

Завод по производству кирпича в Калининградской области
Облус аймагында кыш, тактай, монолит плитасын жана пластик эшик-терезе даярдаган ишканалар бар. Ал жакта даярдалган продукция ички базарды гана камсыздайт.

30 мамлекетке экспорттолгон төө бурчак

Продажа фасоли в Таласе
Быйыл таластыктар 104 миң тоннадан ашык төө бурчак жыйнап, анын 77 миң 628 тоннасын 30 мамлекетке сатышты. Түшүмдү жакшы баада сатуу үчүн аймакта саатына 15 тоннага чейин төө бурчак даярдаган ишкана иштейт. Андан сырткары, жергиликтүү дыйкандар өстүргөн алма, кара өрүк, кулпунай, малина, калемпир ири көлөмдө коңшу өлкөлөрдүн базарына жеткирилген.

Тонналаган сүт азыктары

Молочный комбинат в Омске
Талас облусунда сүттү кайра иштеткен төрт ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жылына 70 миң тоннага чейин сүттү иштетет. Алар ушул жылдын 11 айында 223 тонна сыр, 379 тонна кургак сүт, 122 тонна сары май өндүрүп, Россия, Казакстанга экспорттого жетишкен.

Миллиондогон жумуртка

Птицефабрика в Омской области
Элеттиктер айыл жеринде тоок өстүрүүнү дагы колго алган. Фермерлер өздөрүнүн тогуз чакан чарбасында жыл башынан бери 100 миллиондон ашык даана тоок жумурткасын сатыкка чыгарган.

Таласта 12 кондитердик цех толук кандуу иштейт. Таттуунун түрү чыгарылган ал жайларда 51 адам эмгектенип, жумушчулар азырынча жергиликтүү кардарларды гана камсыздоо менен алек. Ошондой эле алар ун азыктарынын да түрүн жасашат.