БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркееваны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына сот органындагы булактар билдирди.
Жаркеева УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эки кылмыш ишине фигурант болууда.
Биринчи иште ал 2016-жылы кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык жасалмалуулук кылган жана туура эмес өкүм чыгарган деп айыпталууда. Кылмыш иши козголгондон кийин президент Сооронбай Жээнбеков аны судьялык кызматтан кетирген.
Экинчи иши дагы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 328-беренеси ("Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу") боюнча козголгон.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергөө жүрүп жатат.