Бишкек мэри Суракматов депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылды

Тизмеден чыгуу боюнча арызды Суракматов өзү берген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн, 24-декабрда, борбор калаанын мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке КСДПдан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Тизмеден чыгуу боюнча арызды Суракматов өзү берген.

Белгилей кетсек, бүгүн КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча арызын берди. Тизме боюнча андан кийин Азиз Суракматов турат. Бирок ал дагы баш тартып койгондуктан мандат тизмедеги Өмүрбек Бакировго берилиши мүмкүн.