Ошто аялдын үйүн карактады делип 2 эркек, 3 кыз кармалды. Анын экөө — өспүрүм

Шектүүлөр аялдын үйүнө күндүзү эле кирип, бычак такап коркутуп карактап кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ош шаарында үй карактоого шектелип эки улан жана үч кыз кармалды. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Задержанные по подозрению в вооруженном налете в Оше

Шектүүлөр 23-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 21 жаштагы аялдын үйүнө кирген.

"Тобу менен кирген каракчылар үй ээсине бычак кезеп коркутуп, 1500 доллар, 13 000 сом акчасын, кымбат баалуу iPhone-6 үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кеткен. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. 24-декабрга караган түнү кылмышка шектелип Ош шаары жана облусунда жашаган эки эркек менен үч кыз кармалды. Алардын экөө 18ге чыга элек өспүрүм", — деп айтылат маалыматта.

Кызыл-Кыяда ур-токмокко алынган 15 жаштагы окуучу каза тапты
Аталган факты боюнча 168-берене ("Каракчылык") менен кылмыш иш козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Өздүк булактардын билдиришинче, бул окуяга шектелип кармалгандардын арасында буга чейин социалдык тармактарда бир кызды канжалата сабаган видеосу тарап кызуу талкуу жараткан "Бема ХБКовская" бар.

Милиция ал кыз мурда дагы эки ирет уурулук жана бейбаштык кылып соттолгонун маалымдаган.